Газадан эвакуацияланган түрктөр

107 Түркия жана Түндүк Кипр Түрк жараны, Каирден Түрк аба жолдорунун учагы менен Стамбул аэропортуна алынып келинди.

2067111
Газадан эвакуацияланган түрктөр

Израилдин кол салууларынан улам Түркия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) жарандарын Газадан эвакуациялоо уланууда.

Тышкы иштер министрлиги, Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу төрагалыгы (AFAD) менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-аракеттерде «Рефах» чек ара бекетинен Египетке өткөн 107 Түркия жана Түндүк Кипр Түрк жараны, өлкөнүн борбору Каирден Түрк аба жолдорунун учагы менен Стамбул аэропортуна алынып келинди.

Түрк жана Түндүк Кипр жарандарын аэропорттон Тышкы иштер министрлиги менен AFAD кызматкерлери тосуп алышты.

Паспорттук текшерүүдөн кийин айрым жарандар өз мүмкүнчүлүктөрү менен аэропорттон жөнөп кетишти. Ал эми Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жарандары жана жашаган жери башка облустарда болгондор AFAD тарабынан белгиленген мейманканаларга жайгаштырылды.

Түркия жана Түндүк Кипр жарандарынын Газадан эвакуацияланышынын улана турганы билдирилди.



Тектеш кабарлар