Төрага Куртулмуш Индонезияда

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Нуман Куртулмуш Индонезиянын Өкүлдөр палатасы тарабынан борбор шаар Жакартада өткөрүлө турган MIKTAнын 9-Парламент спикерлеринин жыйналышына катышат.

2066188
Төрага Куртулмуш Индонезияда

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) спикери Нуман Куртулмуш Мексика, Индонезия, Түштүк Корея, Түркия жана Австралиядан турган МИКТАнын 9-парламент спикерлер жыйынына катышуу үчүн Индонезиянын борбор шаары Жакартага барды.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM)  төрагасы Нуман Куртулмуш, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутеррештин Рефах чек ара капкасынан кире албай калышын:«Бул БУУнун азыр жыртылып, таштанды челекке ыргытылганы тууралуу ачык жарыя», - деди.

Куртулмуш Мексика, Индонезия, Түштүк Корея, Түркия жана Австралиядан турган МИКТАнын 9-парламент спикерлеринин жыйналышына катышуу үчүн Индонезиянын борбор шаары Жакартага барып, сөз сүйлөдү.

Израилдин Газа тилкесинде 7-октябрдан бери уланып жаткан кол салууларына токтолгон Куртулмуш: «Газада ар бир 10 мүнөт сайын бир адам каза болуп жатат. Эсиңиздерде болсо керек, бир нече күн мурун Газадагы Шифа ооруканасынын электр жарыгы өчүп, адамдарга кычкылтек жеткирген кычкылтек баллондору бар бөлмө бомбаланганда 30дан ашуун ымыркайды инкубаторлордон чыгарыш керек болгон. Алар баарыбыздын көз алдыбызда ыйлап, кыйкырып жатып чарчап калышты»,-деп айтты.

Израилдин агрессивдүү кол салууларынан улам Газада чоң согуш кылмыштары кылынганын жана чоң гуманитардык кыргын салынганын белгилеген Куртулмуш, БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин Рефах чек ара капкасынан кире албаганына токтолуп:«Бул БУУ азыр жыртылып, таштанды челекке ыргытылганы тууралуу ачык жарыя»,-деп өз баасын берди.

Нуман Куртулмуш алгач Индонезиянын Өкүлдөр палатасынын спикери Нокта Махарани менен жолугушту.

Жолугушууда Израилдин Газага кол салуулары, глобалдык жана аймактык маселелер менен катар Түркия-Индонезия карым-катнаштары каралды.

Куртулмуш дүйнөнүн чоң башаламандыкты башынан өткөрүп жатканын, эгер адилеттүү жана акыйкаттуу глобалдык система түзүлө албаса, анда дагы коогалаңдуу күндөр боло турганын айтты.

Израилдин 7-октябрдан бери тынымсыз кол салып жаткан Газада чоң бир адамдык трагедия болгонун белгилеген Куртулмуш, 20-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк балдардын укуктарын коргоо күнүндө Газада балдардын өлүмүнүн уланып жатканын баса белгиледи.

Индонезиянын Өкүлдөр палатасы тарабынан борбор шаар Жакартада өткөрүлө турган MIKTAнын 9-Парламент спикерлеринин жыйналышында «Көп тараптуулукту бекемдөө, муундар аралык кыйынчылыктарды чечүү» темасы менен «Көңүл борборунда глобалдык башкаруу: Парламент кандай иш алып барышы керек?», «Милдеттенмелерден жана милдеттерден тышкары климаттык аракеттер» жана «Жаштардын күчүн колдонуу: жакшы келечек» аттуу сессиялар өткөрүлөт.

Жолугушуунун алкагында Индонезиянын президенти Жоко Видодонун парламент төрагаларынын урматына өткөрүүчү чакыруусуна Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Куртулмуш да катышат.

Куртулмуш сапарында эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт жана «Юнус Эмре» институтунда түрк аспиранттар менен жолугушат.

2013-жылы негизделген жана Мексика, Индонезия, Түштүк Корея, Түркия жана Австралиянын баш тамгаларынын аты менен аталган континенттер аралык консультация жана координациялоо платформасы- MIKTA, мүчө-өлкөлөрдүн G20 жана башка алдыңкы эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташуусун жана координациясын камсыз кылууну талап кылат,

сөз болуп жаткан өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү максатын көздөйт.

Өз аймактарында активдүү актер болгон беш өлкө аймактык-глобалдык тынчтык жана стабилдүүлүккө гана салым кошпостон, эл аралык көйгөйлөргө да окшош мамилени карманышат.



Тектеш кабарлар