Эрдоган: «Түркия адилеттүү Палестина доосуна толук колдоосу менен алардын үнүнүн угзду»

Президент Режеп Таййип Эрдоган социалдык медиа эсебинен Түркиянын Палестина доосуна мамилеси тууралуу билдирүүсүн бөлүштү.

2065994
Эрдоган: «Түркия адилеттүү Палестина доосуна толук колдоосу менен алардын үнүнүн угзду»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын адилеттүү Палестина доосуна толук колдоосу менен газалык боордошторунун үнүнүн угулушун камсыз кылганын белгиледи.

Президент Эрдоган социалдык медиа эсебинен Түркиянын Палестина доосуна мамилеси тууралуу билдирүүсүн бөлүштү.

Эрдоган бул билдирүүсүндө : «Түркиянын адилеттүү Палестина доосуна толук колдоо көрсөтүүсү газалык боордошторубуздун үнүнүн угулушун камсыз кылууда. Биз тарыхый жоопкерчилигибизди түшүнөбүз жана ошого жараша иш кылабыз»,-деп айтты.

Ниеттери таза болгондуктан, ортого салган тезистердин ишенимдүүлүгү да туура болгон даражада аброюнун жогорулаганын баса белгилеген президент Эрдоган сөзүн мындайча улантты:«Биз бул аброюнун жыйынтыгын Ислам Кызматташтык Уюмунун жана Араб Лигасынын биргелешкен саммитинде көрдүк. Саммиттин жыйынтыктоочу декларациясын биздин сунуштарыбыз жана тезистерибиз калыптандырды. Мен муну абдан баалуу деп эсептейм. Азыр бүт дүйнө Түркиянын дээрлик ар бир темада эмне деп айтканына карайт. Улутубуздан алган күч менен Түркиянын аброюна татыктуу кадамдарды жасап жатабыз. Биздин бийик үнүбүздүн негизги таянычы бул биздин артыбызда турган элибиздин ишеними жана кажыбас колдоосу».

Президент Эрдоган билдирүүсүн : «Биз бул улутка «биз тикеленбей тик турабыз» деп сөз бердик. Биз бул өлкөнүн жана анын бир туугандарынын аброюна жана ар-намысына эч качан шек келтиртпейбиз. Биз аны бардык жерде эң күчтүү түрдө коргойбуз жана мындан ары да коргоону улантабыз», - деп жыйынтыктады.



Тектеш кабарлар