Президент Эрдогандын билдирүүсү

Эрдоган, Германиянын премьер-министри Олаф Шольц менен жекеме-жеке жолугушуусу жана делегациялар ортосундагы кечки сый тамактан мурун биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү.

2065871
Президент Эрдогандын билдирүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Израилдин Газа тилкесине кол салуусуна байланыштуу: «Биздин Израилге карызыбыз жок, бирок карызы барлар эркин сүйлөй албай жатышат»,-деди.

Президент Эрдоган, Германиянын премьер-министри Олаф Шольц менен жекеме-жеке жолугушуусу жана делегациялардын ортосундагы жолугушуу менен кечки сый тамактан мурун биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү.

Сөз сүйлөөсүндө Израилдин Газа тилкесиндеги кол салууларына токтолгон Эрдоган, Газада 13 миң палестиналык бала, аял жана кары-картаңдын каза болгонун, Газа деген жердин дээрлик калбагандыгын айтты.

Сыйынуучу жайларга, чиркөөлөргө жана ооруканаларга сокку урулганын эске салган Эрдоган: «Булардын алдында колубуз байланып турабызбы? Буга каршы эч үнүбүздү чыгарбайбызбы? Бул жерде колубуз, тилибиз байланып турсак, буга тарых алдында жооп бере албайбыз. Ошондуктан Израиль-Палестина согушуна чара көрүшүбүз керек. Мен эркин сүйлөп жатам. Анткени Израилге карыз эмеспиз. Карызыбыз бар болсо, мынчалык эркин сүйлөй алмак эмеспиз. Карызы барлар эркин сүйлөй албай жатышат. Биз Холокостту башынан өткөргөндөрдөн эмеспиз. Бизде андай абал да жок»,-деди.

Түркиянын окуялардын башынан бери карапайым калкты бутага алган кол салууларга эч качан уруксат бербегенин жана муну ар дайым билдиргенин белгилеген Эрдоган: «Баарыбыздын приоритетибиз ок атышууну токтотуу жана гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз агымын камсыз кылуу./.../ Түркия катары биздин максатыбыз израилдиктер менен палестиналыктардын тынчтыкта ​​жанаша жашаган, тынчтык жана ишеним өкүм сүргөн атмосфераны түзүү. Муну аткарышыбыз керек. Менин оюмча ар бир адам Жакынкы Чыгышта адилеттүү жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алышы керек», - деди.

Эрдоган биргелешкен маалымат жыйынынан кийин Шольц менен жекеме-жеке жолугушуу өткөрдү. Эрдоган менен Шольц андан кийин делегациялар аралык жумушчу кечки тамакка катышты.

Президент Эрдоган жолугушууларынан кийин Германиядан өлкөгө кайтып келди.



Тектеш кабарлар