Togg 2025-жылы Европа жолдорунда болот
Кажыр Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги жолугушууларынын алкагында билдирүү жасады.
2065422
Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр Түркиянын ата мекендик жана толугу менен электрдик унаасы Toggдун 2025-жылы Европа жолдорунда көрүнө турганын айтты.
Кажыр Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги жолугушууларынын алкагында билдирүү жасады.
Алдын ала буйрутма берилген 20 миң Тоггтун жылдын аягына чейин ээлерине тапшырыла турганын белгилеген Кажыр: «2024-жылдын аягынан тарта Togg Европа Биримдигине (ЕБ) экспортко чыгууга даяр болот жана 2025-жылы Европа жолдорунда Тоггдорду көрөбүз»,- деди.