Эрдоган менен Штайнмайердин жолугушуусу
Эрдоган Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушту.
2065792
Президент Режеп Таййип Эрдоган иш сапарынын алкагында Германиянын борбор шаары Берлинде болду.
Эрдоган Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушту.
Президент Эрдоганды Германиянын Президенттик Беллеву сарайында Штайнмайер тосуп алды.
Андан кийин жекеме-жеке жолугушуу өткөргөн Эрдоган менен Штайнмайер делегациялар арасындагы жолугушууга да жетекчилик кылды.
Президент Эрдоган менен Германиянын президенти Штайнмайер Израил-Палестина маселесинин жалгыз чечүүчү жолунун эки мамлекеттүү түзүлүш экенине макулдашты.
Эрдоган менен Штайнмайер Палестинада ок атышпоонун камсыздалышы жана аймакка гуманитардык жардам жеткирилиши үчүн биргелешип иштөө боюнча макулдашышты.