Эрдоган Газадан Түркияга алып келинген бейтаптардын абалынан кабар алды

Эрдоганды саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа, оорукананын башкы дарыгери профессор Эржан Йени жана дарыгерлер коштоп жүрүштү.

2065270
Эрдоган Газадан Түркияга алып келинген бейтаптардын абалынан кабар алды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Газадан Түркияга алып келинген жана Анкарадагы Билкент оорукана шаарчасында дарыланып жаткан онкологиялык бейтаптардын абалынан кабар алды.

Бейтаптар дарыланган онкология ооруканасына барган Эрдоганды саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа, оорукананын башкы дарыгери профессор Эржан Йени жана дарыгерлер коштоп жүрүштү.

Бейтаптарды бир-бирден көрүп, "тезирээк сакайып кеткиле" деген тилектерин айткан президент Эрдоган, ден соолук абалдары тууралуу маалымат алды.

Газадан чыгарылган кээ бир онкологиялык бейтаптарды жана аларды коштоп жүргөндөрдү ташыган эки учак Түркияга келген.

Египеттин Эл Ариш аэропортунан учкан учактар ​​борбор шаар Анкарадагы Эсенбога аэропортуна конгон.

Учактан тез жардам унааларына которулган бейтаптарды дарылоонун Билкент ооруканасында жүргүзүлөрү билдирилген. 

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа эл аралык саламаттыкты сактоо дипломатиясы жана бул тармактагы иштеринин натыйжасында Газадан алынып келинген 27 бейтапты жана 13 коштоочусун Түркияга алып келүү менен маанилүү кадам ташташкандарын белгилеп, бейтаптарды Түркияга алып келүү аракеттерин чечкиндүүлүк менен уланта тургандарын айткан.

Министр Кожа: «Эч бир бейтап Египет аркылуу башка өлкөгө дарыланууга жөнөтүлгөн эмес. Бүгүн бул бейтаптар "Рефах" чек ара бекетинен түз Түркияга алып келинди»,- деген.



Тектеш кабарлар