Уралоглу: "ТҮРКСАТ 6A июнь айында орбитага учурулат"

Министр Уралоглу борбор шаар Анкарада TÜRKSAT спутниктик жер системаларынын резервдик борборунун ачылышында сөз сүйлөдү.

2063881
Уралоглу: "ТҮРКСАТ 6A июнь айында орбитага учурулат"

Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу, Түркиянын жаңы спутниги ТҮРКСАТ 6Aнын 2024-жылдын июнь айында орбитага учурула турганын айтты.

Министр Уралоглу борбор шаар Анкарада TÜRKSAT спутниктик жер системаларынын резервдик борборунун ачылышында сөз сүйлөдү.

Алгачкы улуттук байланыш спутниги Түрксат 6Анын көптөгөн татаал сыноолорду ийгиликтүү аяктаганын билдирген Уралоглу: «Баалоолорубуздун натыйжасында жерге жеткирүү 2024-жылдын март айында ишке ашат. Бул этаптан кийин SpaceX менен түзүлгөн келишимдин негизинде Түрксат 6Аны июнь айында орбитага чыгарууну максат кылуудабыз. Кызмат башталганда башка спутниктерибиз менен камтыла албаган Түштүк жана Чыгыш Азия сыяктуу жаңы аймактарга кызмат көрсөтүп аймактагы лидерлик позициябызды дагы да бекемдейбиз», - деди.



Тектеш кабарлар