Министр Йерликая терроризмге каршы күрөш тууралуу маалымат берди

Йерликая социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө террористтердин уюгун бир-бирден талкалоону улантып жаткандарын белгиледи.

2063402
Министр Йерликая терроризмге каршы күрөш тууралуу маалымат берди

Ички иштер министри Али Йерликая жикчил террордук уюм ПККга карай 12 облуста жүргүзүлгөн «Баатырлар» операциясында 42 үңкүр, баш калкалоочу жай жана кампанын жок кылынганын билдирди.

Йерликая социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө террористтердин уюгун бир-бирден талкалоону улантып жаткандарын белгиледи.

Жикчил террордук уюмдун мүчөлөрү тарабынан кыш айларында элет жеринде баш калкалоо үчүн даярдалган үңкүр жана баш калкалоочу жайларды жок кылуу максатында жүргүзүлгөн «Баатырлар» операциясында 12 облуста 42 үңкүр, баш калкалоочу жай жана кампа жок кылынганын маалымдаган Йерликая: «Террор менен күрөшүүбүз акыркы террорист жок кылынганга дейре чечкиндүүлүк менен уланат»,-деди.



Тектеш кабарлар