Эрдоган Сауд Арабиянын борбор шаары Риядда Ислам саммитинин кезексиз 8 -  саммитинде сөз сүйлөдү

Президент Эрдоган  Израилдин Газага жасаган кол салуулары тууралуу : "Оруканалар,  мектептер, качкындар лагерлери бомбаланган, жарандар өлтүрүлгөн, тарыхта окшошу болбогон жапайычылык менен бетме  - бет келип турабыз",- деди.

2063312

Эрдоган Сауд Арабиянын борбор шаары Риядда өткөн Ислам саммитинин кезексиз 8 -  саммитинде сөз сүйлөдү. 

Президент Эрдоган : "Адам укуктарын жана эркиндиги тууралуу сөз кылган батыштык өлкөлөрдүн Палестинада болуп жаткан кыргындарга үн катпашы уялтуучу нерсе. Ооруканалар, мектептер, качкындар лагерлери бомбаланган, жарандар өлтүрүлгөн, тарыхта окшошу болбогон жапайычылык менен бетме  - бетпиз. Зомбулуктун алдында үн катпагандар да  зомбулук кылгандарчалык  төгүлгөн кандын өнөктөшү",- деди. 

Режеп Таййип Эрдоган : "Ооруканалар башта болуу менен зарыл болгон жерлерге күйүүчү май  жеткирүү чоң мааниге ээ. Газанын кайрадан калыбына келиши үчүн Ислам Кызматташтык Уюмунун негизинде  бир фонд түзүлүшү керектигине ишенебиз",- деди. 

Президент Эрдоган : «Палестина маселеси көрбөстүккө салынган сайын  аймакта калыбына келүү   аракеттери ийгиликсиз болот.  Түзүлө  турган тынчтыктын сакталышы үчүн кепил болуу менен бирге керектүү аракеттерди жасоого даярбыз,"- деди.

"Кудс  биздин кызыл сызыгыбыз. Тынчтыктын шаары деп аталган Кудстун жана бардык палестина жерлеринин мурунку абалына келиши баарыбыздын тилегибиз. Батыштын эрке баласы сыяктуу мамиле кылган Израиль башкаруусу алып келген чыгымдын ордун толтуруу мажбур. Израилдик министрлер тарабынан моюнга алынган өзөктүк курал иликтенип, эл аралык көзөмөлдөн чыккандар болсо ачыкка чыгарылышы керек», - деди Эрдоган.

Тектеш кабарлар