Рак оорусу менен ооруган палестиналык балдар Түркияга алып келинет

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа Түркия Улуу Улуттук Парламентинде сүйлөгөн сөзүндө Палестинада  толук дарыланып бүтпөгөн  рак оорулууларынын Түркияга алып келине тургандыгын айтты.

2062482

Израилдин Саламаттыкты сактоо министри менен жолукканын белгилеген министр Кожа зомбулуктун эч кандай түрүнүн кабыл алынгыс экенин ачык айтканын билдирди. 

Саламаттыкты сактоо кызматтарынын улантыла албашынын эч бир түшүндүрмөсү жок экени боюнча бирдей пикирде экендерин айткан Кожа : "Түркия  -  Палестина достук ооруканасынын Газада рак оорусун дарылаган бир гана оорукана экендигин жана эми иштебей турган абалга келгендигин айттым",- деди. 

Күнөөсүз балдардын дарыланышынын улантылышы тууралуу жоопкерчиликти эске салгандыгын айткан Кожа : "Балдар башта болгон бейтаптардын Египетке тез жардам унаалары менен алып барылышы жана ал жерден тез жардам учактары менен Түркияга алып келип дарыланышы үчүн даяр экендигибизди билдирдим. Жакынкы убакта рак оору менен ооруган балдарды Түркияга алып келе баштайбыз",- деди. 

Фахреттин Кожа өзгөчө бүгүн жолго чыгышы күтүлүп жаткан кеме жана дары  - дармек, медициналык аппараттар, 8 даана талаа ооруканасы, 20 тез жардам унаасы менен медициналык медициналык шаймандарды камтыган болжол менен 500 тонна жардамды аймакка жеткире тургандарын айтты.

Тектеш кабарлар