Хакан Фидан Газа тууралуу сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүдө

Тышкы иштер министри Хакан Фидан голландиялык жана чехиялык кесиптештерина Газага гуманитардык жардамдын жеткирилиши керектигин айтты.

2061160
Хакан Фидан Газа тууралуу сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүдө

Тышкы иштер министри Хакан Фидан голландиялык жана чехиялык кесиптештерине Израиль менен Хамастын ортосунда тез арада толук ок атышпоонун түзүлүшү жана Газага гуманитардык жардамдын жеткирилиши керектигин билдирди.

Тышкы иштер министри Хакан Фидан эки кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, Фидан менен Нидерландиянын тышкы иштер министри Ханке Брюинс Слот сүйлөшүүдө Газадагы абалдарды талкуулашты.

Министр Фидан нидерландиялык кесиптешине толук ок атышпоонун тез арада жарыяланышы жана гуманитардык жардамдын тез арада Газага жеткирилиши керектигин баса белгиледи.

Фидан сүйлөшүүдө Газада күчөгөн чыңалуунун аймактык кризиске айланышын алдын алуу үчүн биргелешип аракет кылуу керектигин айтты.

Украинадагы акыркы абалга да баа берилген сүйлөшүүдө Фидандын Кара деңиз дан демилгесин жандандыруунун маанисине да токтолгону белгиленди.

Хакан Фидан Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавский менен да телефон аркылуу сүйлөштү.

Министр Фидан  чех кесиптеши Липавский менен да Газадагы абал тууралуу сүйлөштү.

Фидан сүйлөшүүдө Израилдин Газадагы жарандарга каршы кылмыштарынын «кабыл алынгыс» экенин баса белгиледи.

Мындан тышкары, Фидан мүмкүн болушунча тез арада толук ок атышпоонун түзүлүшү жана Газага гуманитардык жардамдын жеткирилиши керектигин дагы бир жолу кайталады.



Тектеш кабарлар