Өмүралиев: «Аймактагы өлкөлөрдүн маалымат агенттиктери жаңы шериктештик түзөт»

Стамбулда өткөрүлгөн Түрк маалымат агенттиктеринин медиа саммитинин ачылышында сөз сүйлөгөн Өмүралиев, түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыктын аймактын тынчтыгы жана өнүгүшү үчүн чоң мааниге ээ экенин белгиледи.

2061031
Өмүралиев: «Аймактагы өлкөлөрдүн маалымат агенттиктери жаңы шериктештик түзөт»
TDT Genel Sekreteri Kubanıçbek Ömüraliev 2.jpg

Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) баш катчысы Кубанычбек Өмүралиев аймактагы өлкөлөрдүн маалымат агенттиктери жаңы шериктештик түзө турганын айтып, жалган маалымат жана фейк кабарларга каршы биргелешип күрөшө тургандарын айтты.

Стамбулда өткөрүлгөн Түрк маалымат агенттиктеринин медиа саммитинин ачылышында сөз сүйлөгөн Өмүралиев, түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыктын аймактын тынчтыгы жана өнүгүшү үчүн чоң мааниге ээ экенин белгилеп, түрк мамлекеттеринин ортосунда медиа биримдигинин түзүлүшүнө кол коюшаарын билдирди.

Темасы «ММКда биримдик жана келечекке көз караш» деп билдирилген саммитте «Түрк дүйнөсүндөгү агенттик журналистикасынын жаңы күн тартиби» жана «Түрк дүйнөсүнүн келечекке көз карашы: кызматташтыктын жаңы тармактары» деген темалардагы панелдер өткөрүлөт.

Саммиттин соңунда Анадолу агенттиги (AA), Азербайжан мамлекеттик маалымат агенттиги (AZERTAC), Кыргыз улуттук маалымат агенттиги (Кабар), Өзбекстан улуттук маалымат агенттиги (UzA) жана Казакстандын (Qazcontent) ортосунда биримдик келишимине кол коюлушу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар