Яловада Рим дооруна таандык мүрзө табылды
1800 жылдык экендиги болжолдолгон тарыхый чыгарма Музей директорлугуна алып барылды.
Ялованын Чифтликкөй районунда бир заводдун аянтында жүргүзүлгөн казууда Рим дооруна таандык 1800 жылдык мрамор мүрзө табылды.
Ялова музей директорлугунун топтору экиге бөлүнгөн 2, 5 метр узундуктагы стеланын үстүндөгү чеканка адам фигуралары жана жазууларды изилдеп, эмгектин Рим дооруна таандык экенин аныкташты.
1800 жылдык экендиги болжолдолгон тарыхый чыгарма Музей директорлугуна алып барылды.
Рим доорунда бир үй - бүлөгө таандык экендиги жана үй - бүлөлүк мүрзө үчүн курдуртулгандыгы айтылган чыгарманын үстүндөгү жазуулардын окулушу, фигуралардын маанисинин ортого чыгарылышы үчүн изилдөөлөр баштатылды.
Тектеш кабарлар
Түркияда аба жүргүнчүлөрүнүн рекорду
Абдулкадир Уралоглу аэропорттордогу жүргүнчү агымына байланыштуу билдирүү жасады.
Министр Хакан Фидан БАЭге барат
Тышкы иштер министрлиги, Фидандын БАЭге расмий сапарына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.