Тышкы иштер министри Германияда

Тышкы иштер министри Хакан Фидан : «Айрым Европа Биримдиги өлкөлөрүндө палестиналыктар менен тилектештик митингдерине бөгөт коюлушу кош стандарт»,- деди.

2059919
Тышкы иштер министри Германияда

Тышкы иштер министри Хакан Фидан : «Айрым Европа Биримдиги өлкөлөрүндө палестиналыктар менен тилектештик митингдерине бөгөт коюлушу кош стандарт»,- деди.

Хакан Фидан Германияда болгон Европа Биримдигинин кеңейүү жана реформасы деген темадагы жыйынынын жабык отурумунда глобалдык оюнчулардын кош стандарттардан алыс болушу керектигин баса белгиледи.

Фидан Европа Биримдигинин кээ бир өлкөлөрүндө палестиналыктарды колдогон митингдерге тыюу салууну да сынга алып: «Сөз эркиндигине жамынып, ыйык китеп Куран Каримге кол салууга уруксат бергендер митингге чыгууну каалагандарга тоскоол болууда.  Палестинада жарандардын мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө каршылык көрсөтүүнү каалагандарга бөгөт коюлууда. Бул кабыл алынгыс кош стандарт»,- деди.



Тектеш кабарлар