Министр Фидандын дипломатиялык сүйлөшүүлөрү

Хакан Фидан Грециянын тышкы иштер министри Георгиос Герапетритис, Иорданиянын тышкы иштер министри Айман Сафади жана Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан менен өз- өзүнчө телефон аркылуу сүйлөштү.

2059184
Министр Фидандын дипломатиялык сүйлөшүүлөрү

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Греция, Иордания жана Сауд Арабиялык кесиптештери менен Газадагы акыркы абалды талкуулады.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, Хакан Фидан Грециянын тышкы иштер министри Георгиос Герапетритис, Иорданиянын тышкы иштер министри Айман Сафади жана Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан менен өз- өзүнчө телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүлөрдө, Газада дароо ок атышууну токтотуу жана туруктуу тынчтыктын камсыздалышы үчүн таштала турган кадамдардын каралганы белгиленди.

Хамастын куралдуу канаты Иззеддин ал-Кассам бригадалары Израилдин “палестиналыктарга жана алардын ыйык баалуулуктарына, өзгөчө Акса мечитине каршы тынымсыз мыйзам бузууларына” жооп катары 7-октябрдын таңында кеңири чабуулду, Израиль армиясы да Газа тилкесин абадан катуу бомбалоону баштаган.

Израилдик жетекчилер, Газадан жасалган кол салууларда 315и аскер 1400дөн ашуун израилдиктин каза болгонун, 5 миң 132 кишинин жараланганын жарыялады.

Израиль армиясынын басма сөз катчысы Даниел Хагари, Газада ал-Кассам бригадасынын колунда 240 израилдик туткундун бар экенин белгиледи.

Израилдин Газага карай кол салууларында болсо 9 миңге жакын киши каза болуп, 22 миңден ашуун киши жараланды.



Тектеш кабарлар