TRTнын башкы директору Собажы ABU төрагасы болуп шайланды

Азия-Тынч океан телерадиоберүү биримдигинин (ABU) 60-Башкы Ассамблеясынын жыйыны Сеулда өткөрүлдү.

2058995
TRTнын башкы директору Собажы ABU төрагасы болуп шайланды
ABU.1.jpg
ABU.2.jpg

Азия-Тынч океан телерадиоберүү биримдигинин (ABU) төрагалыгына Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемесинин (TRT) башкы директору Мехмет Захид Собажы шайланды.

65 өлкөдөн 246 мүчөсү бар жана болжол менен 3,5 миллиард көрүүчүгө жеткен Азия-Тынч океан телерадиоберүү биримдигинин (ABU) 60-Башкы Ассамблеясынын жыйыны Түштүк Кореянын телерадиоберүү корпорациясы (KBS) тарабынан 2023-жылдын 31-октябрынан 1-ноябрына чейин Сеулда өткөрүлдү.

Жыйында ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы 3 жылга ABU төрагасы болуп шайланды.

Захид Собажы, дүйнөнүн эң чоң телерадиоберүү биримдиги ABUнун төрагасы болуп шайлануунун Түркиянын ар тармакта лидер өлкө болуу максаты үчүн маанилүү экенине токтолду.

ABU төрагалыгынын Түркияга келишин, Түркиянын көтөрүлүшүнүн бир кадамы жана чагылышы катары кабыл алганын белгилеген Собажы: «ABUнун төрагалыгынын Республиканын 100 жылдыгына туура келиши да биз үчүн кубанычтуу болду. Бул эл өз күрөшүндө эч качан тайсалдаган эмес жана кандай шартта болбосун, мүмкүнчүлүктөрү канчалык чектелүү болсо да максатына жеткен. Ошондуктан ушул максаттардын алкагында дүйнөнүн эң ири телерадиоберүү биримдиги сунуш кылган мүмкүнчүлүктөрдү жана потенциалды мобилизациялоо менен бул процессти дагы да күчтүүрөөк ишке ашыра алабыз деп ойлойм»,-деди.



Тектеш кабарлар