Эрдоган Текалени кабыл алды

Кабыл алууга Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Нуман Куртулмуш да  катышты.

2058985
Эрдоган Текалени кабыл алды

Президент Режеп Таййип Эрдоган Ливиянын мамлекеттик жогорку кеңешинин төрагасы Мухаммед Текалени борбор шаар Анкарада президенттик комплексте кабыл алды. 

Кабыл алууга Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Нуман Куртулмуш да  катышты. 

Президент Эрдоган андан соң Ирандын тышкы иштер министри Хусейин Эмир Абдуллахиянды кабыл алды.

Жолугушууга  тышкы иштер министри Хакан Фидан да катышты.

Президент Эрдоган андан кийин Бештепедеги ишеним кат тапшыруу аземине катышты.

Словениянын Анкара элчиси Горазд Ренчелж президент Эрдоганга ишеним катын тапшырды.

Салтанатта элчини жубайы жана балдары коштоду.

Эрдоган элчинин балдарынын колдорун өөп учурашты.

 



Тектеш кабарлар