Челик: «Израилдин Газадагы Жибалие качкындар лагерине кол салуусу алдын ала пландалган кыргын»

Челик социалдык медиа эсебинен билдирүүсүндө Израилдин карапайым калк жана бейкүнөө адамдар жашаган Жибалие качкындар лагерине жасаган ырайымсыз кол салуусун айыптагандарын айтты.

2058656
Челик: «Израилдин Газадагы Жибалие качкындар лагерине кол салуусу алдын ала пландалган кыргын»

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрага орун басары жана партиянын басма сөз катчысы Өмер Челик Израилдин Газадагы Жибалие качкындар лагерине кол салуусун айыптап, муну «алдын ала пландалган кыргын» деп мүнөздөдү.

Челик социалдык медиа эсебинен билдирүүсүндө Израилдин карапайым калк жана бейкүнөө адамдар жашаган Жибалие качкындар лагерине жасаган ырайымсыз кол салуусун айыптагандарын айтты.

Эң негизги адамдык баалуулуктарды жана эл аралык мыйзамдарды эске албаган бул ырайымсыз кол салуунун пландалган кыргын экенин белгилеген Челик: «Биз Израиль армиясына кызыл сызык жарыялабайбыз» деген мамлекеттер да бул кыргынга үндөштү. Израилдин өзүн-өзү коргоо укугу жөнүндө сөз кылган мамлекеттердин Газадагы аялдар жана балдардын жашоо укугун сөз кылбаганы адамзат үчүн уят. Израилге «ок атууну токтотууну сунуш кылбайбыз» деп көбүрөөк курал жөнөткөндөр, кыргын саясатын жүргүзүп жатышат»,-деп айтты.

Израилдин кечээ Газадагы Жибалие качкындар лагерине абадан кол салуусунан 100 кишинин каза болгону, көп сандаган кишинин жаракат алганы билдирилди.



Тектеш кабарлар