Түрк бронетехникасы Венгрияда чыгарылат

Жакында Эстонияда 100 NMS 4X4 үчүн келишим түзгөн брондолгон кургактык унаа өндүрүүчүсү «Нурол Макина» Европа рыногундагы өсүшүн Венгрия менен улантууда.

2058537
Түрк бронетехникасы Венгрияда чыгарылат

Түрк коргонуу өнөр жайынын продукциясы болгон «Эждер Ялчын» 4X4 тактикалык дөңгөлөктүү унаасы «Гидран» аты менен Венгрияда чыгарылат.

Жакында Эстонияда 100 NMS 4X4 үчүн келишим түзгөн брондолгон кургактык унаа өндүрүүчүсү «Нурол Макина» Европа рыногундагы өсүшүн Венгрия менен улантууда.

«Нурол Макина» 2019-жылдан берки Венгриядагы ишмердүүлүгүнүн уландысы катары «Raba Automotive» фирмасы менен «Gidran» унааларын өндүрүү боюнча кызматташуу келишимине кол койду.

Венгриянын коргоо министри Кристоф Сзалай-Бобровницки Нурол Холдингдин Башкаруу кеңешинин мүчөсү Гүрол Чармыклы катышкан аземде «Нурол Макина» бронетранспортерлеринин Венгрия армиясы тарабынан чоң канааттануу менен колдонулганын жана мындан аркы 4X4 бронетранспортёрлорун жеткирүү үчүн компаниянын стратегиялык өнөктөш катары тандалганын айтты.

«Нурол Макина» менен «Рабанын» ортосунда кол коюлган кызматташтык келишимине ылайык, фирмалар «Гидран» аттуу биргелешкен ишкана түзүшөт. Өндүрүш ишканалары Рабанын Дьердеги комплексинин ичине жайгашат.

Кызматташтыктын алкагында 200дөн ашуун кишиге түз жумуш орундары түзүлүшү күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Рабанын өнөктөштөрүнүн арасында болгон Györ Szechenyi Istvan университети жана Венгриянын коргонуу өнөр жай ишканалары менен оригиналдуу подсистемаларды жана технологияларды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу максатталган.



Тектеш кабарлар