Ирандын тышкы иштер министри Түркияга келет
Тышкы иштер министри Хакан Фидандын ирандык кесиптеши менен Палестинадагы абалдарды карап чыгары билдирилди.
2058509
Ирандын тышкы иштер министри Хүсейин Эмир Абдуллахиян эртең (1 - ноябрь) Түркияга келет.
Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Абдуллахияндын 1 - ноябрда Түркияга келери билдирилди.
Маалыматта тышкы иштер министри Хакан Фидандын ирандык кесиптеши менен эң башта Палестинадагы абалдар жана күн тартибиндеги аймактык маселелер менен эки тараптуу карым - катнаштарды карап чыгары белгиленди.