Алтун:«Республиканын жаңы кылымы Түркия кылымы болот»

Алтундун Республиканын 100 жылдыгына карата жазган «Түркия Республикасы 100 жашта: тамыры терең өткөндөн күчтүү келечекке» аттуу макаласы Улуу Британияда чыгуучу Daily Express гезитинде жана Орусиянын Интерфакс агенттигинде жарыяланды.

2058523
Алтун:«Республиканын жаңы кылымы Түркия кылымы болот»

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Республиканын жаңы кылымынын Түркия кылымы болорун айтты.

Алтундун Республиканын 100 жылдыгына карата жазган «Түркия Республикасы 100 жашта: тамыры терең өткөндөн күчтүү келечекке» аттуу макаласы Улуу Британияда чыгуучу Daily Express гезитинде жана Орусиянын Интерфакс агенттигинде жарыяланды.

20-кылымдын башында тарыхта сейрек кездешүүчү улуттук боштондук күрөшү менен түзүлгөн Түркия Республикасынын 100 жылдык мааракесин аяктаганын белгилеген Алтун, элдин ынтызардуулугу жана чечкиндүүлүгү менен жеңишке жеткен Боштондук согуштун натыйжасында  улуттук эгемендиктин негизинде Республика түзүлгөнүн эске салды.

Алтун 100 жылдык процессте ыраатсыздык жана кагылышуулар күчөгөн жакын географиясында ынтымак жана биримдикте барлыгын сактап калуу жөндөмүнүн Түркиянын күчүн жана потенциалын ачып бергенин баса белгиледи.

Алтун акыркы жылдарда жасалган бурулуштар менен эл аралык тең салмактуулукта кадыр-баркка ээ болгон жана өзгөчө Жакынкы Чыгыш жана Кавказда аймактык маселелерде ойноочу ролун ийгиликтүү аткарган Түркиянын бар экенин баса белгилеп: «Президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде акыркы Израиль-Палестина жаңжалында ортого коюлган чечимге багытталган саясий мамиле жана маселенин гуманитардык жагына көңүл бурушу мунун бир көрсөткүчү. Украина, Карабах жана аймактагы башка маселелер апачык көрсөтүп тургандай Республиканын 2-кылымына кадам таштоодо Түркия өз аймагында ойн куруучу жана алдыңкы өлкөгө айланды»,-деп айтты.

Түркия Республикасы модернизация талап кылган бардык тармактарда өзүнүн түптөө принциптерин жана эрежелерин кармануу менен жолун улантып жатканын билдирген Фахреттин Алтун:«Республиканын жаңы кылымы Түркия кылымы болот»,-деди.



Тектеш кабарлар