Президент Эрдогандын Республиканын 100 жылдыгына карата кайрылуусу

Президент Режеп Таййип Эрдоган Республиканын 100 жылдыгына карата куттуктоосун жарыялады.

2057277
Президент Эрдогандын Республиканын 100 жылдыгына карата кайрылуусу

Президент Режеп Таййип Эрдоган Республиканын 100 жылдыгына карата куттуктоосун жарыялады.

Эрдоган, социалдык медиа эсебинен билдирүүсүндө: «Биз Республикабыздын 100 жылдыгына жетүү менен толкунданып жана сыймыктанып жатабыз. Өлкөбүздө жана дүйнө жүзүндө жашаган жарандарыбызды 29-октябрь Республика күнү менен чын дилимден куттуктайм»,-деп айтты.

Түркия Республикасынын Президенттигинин социалдык медиа эсебинен 29-октябрь Республика майрамынан улам куттуктоо жарыяланды.

«Республикабыздын негиздөөчүсү Гази Мустафа Кемал Ататүрк баш болгон боштондук согушун жеңип, бул жерлерди мекенибиз кылуу үчүн жан аябастан күрөшкөн бардык баатырларыбызды урмат-сый менен эскеребиз»,-деп айтылган билдирүүдө төмөнкүлөр камтылган:«100 жыл мурун оор кун төлөп түптөгөн Түркия Республикасын биримдик, ынтымак, бир туугандык сезимдер менен азыркы цивилизациялардын деңгээлинен жогору көтөрүү үчүн болгон күчүбүз менен аракетибизди улантабыз. Өлкөбүздө жана чет өлкөлөрдө жашаган бардык жарандарыбызды 29-октябрь Республика күнү менен куттуктайбыз. Республикабыздын 100 жылдыгы куттуу болсун».



Тектеш кабарлар