Алтундан Палестина билдирүүсү

Алтун социалдык медиа эсебинен Стамбулда кечээ өткөрүлгөн «Чоң Палестина митингине» байланыштуу билдирүү жасады.

2057280
Алтундан Палестина билдирүүсү

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Түркиянын Палестинаны эч качан жалгыз калтырбай турганын дүйнөгө дагы бир жолу жарыялаганын айтты.

Алтун социалдык медиа эсебинен Стамбулда кечээ өткөрүлгөн «Чоң Палестина митингине» байланыштуу билдирүүсүндө, президент Режеп Таййип Эрдогандын цивилизациялуу жана демократиялуу делген өлкөлөр көрсөткөн эки жүздүүлүккө жана коркоктукка каршы чындыкты үндөөсүн улантып жатканын маалымдады.

Израилдин бейкүнөө жарандарга карай согуш кылмыштарына көз жумбай тургандарын белгилеген Алтун: «Элибиз палестиналык бир туугандарыбызга болгон колдоосун жана тилектештик рухун бүгүн Стамбулда унутулгус түрдө көрсөттү. Чоң Палестина митингинде Палестинаны эч качан жалгыз калтырбай турганыбызды дагы бир жолу бүткүл дүйнөгө жарыя кылдык»,-деп билдирүү жасады.

Алтун Түркиянын гуманитардык жардам жөнөтүү жана макулдашууга жетишүү үчүн колунан келгендин баарын жасаганын белгилеп: «Бирок Израиль тараптын күч колдонуудагы өжөрлүгү аракеттерибизге эң чоң тоскоолдук болууда. Тилекке каршы, Газада этникалык тазалоо аракеттери менен гана алектенип жатканын көрүп жатабыз. Президент Эрдоган айткандай, Израилдин согуш кылмыштары үчүн эл аралык сотторго кайрылуу менен Израилди жоопко тартабыз. Жарандарды коргогон эл аралык мыйзамды мынчалык ырайымсыз жана ойлонбой бузууга болбойт»,-деп өз баасын берди.

Дүйнөнү Израилге каршы орток кыймылга жана ойгонууга чакыргандарын баса белгилеген Алтун: «(Кечээги) Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) добуш берүүсү Израилдин эл аралык коомчулуктун алдында да обочолонуп калганын көрсөткөн туура кадам. БУУнун Башкы ассамблеясында вето укугун пайдаланып Израилди коргогондор, Израилдин жарандарга каршы согушун колдогону жана шериктештиги үчүн уялышы керек. Ок атышпоо үчүн кысым көрсөтүүнү улантабыз жана Израилди жоопкерчиликке тартуу менен бирге дипломатиялык демилгелерге эшигибизди ачык кармайбыз. Израиль палестиналыктарга каршы геноцид кылган ырайымсыз саясатын улантып жатса дагы, биз дипломатиялык аракеттерибизден баш тарта албайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар