29-октябрь Республика майрамына карата куттуктоолор

29-октябрь Республика майрамы белгиленип жатат.

2057333
29-октябрь Республика майрамына карата куттуктоолор

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш, 29-октябрь Республика майрамынан улам социалдык медиадан куттуктоо жарыялады.

Куттуктоосунда: «100 жылдык Республикабыздан алган күч менен иштөөнү улантып жатабыз»,- деген Куртулмуш: «Сүйүктүү улутубуздун толук көз карандысыз Түркиянын курулушуна жана азыркы цивилизациялардын деңгээлине жетүүгө болгон ишенимин жана аракетин «Күчтүү сөз, таасирдүү күчкө ээ Түркия кылымы» менен даңазалоо аракетиндебиз. Түркия Республикасы катары ар тармакта чоң ийгиликтерди жаратып келген бул учурда тууранын, жакшынын жана чындыктын үстөмдүк болушу үчүн күрөштү улантабыз»,-деди.

Вице-президент Жевдет Йылмаз да, Республиканын 100 жылдыгына арналган куттуктоосунда: «Республикабызды бизге аманат кылган шейиттерибизден жана ардагерлерибизден алган дем-күч менен Түркия кылымына кирип жатабыз. Түркия кылымында да ата-бабаларыбыз аманат кылган бул кооз мекенибизди, баалуулуктарыбызды жана Республикабызды түбөлүккө сактап калуу чечкиндүүлүгү менен Түркияны дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттеринин бири кылуу үчүн талыкпай иштейбиз»,- деп айтты.

Тышкы иштер министри Хакан Фидан да: «Өлкөбүздүн мүмкүнчүлүк жана жөндөмдөрүнөн улам күчтөнгөн улуттук тышкы саясатыбыз менен тынчтыктын, акыл-эстин, калыстыктын жана ишенимдин символу болгон Түркия катары, адилеттүү дүйнө үчүн тайманбас жана чечкиндүү кадамдарды таштайбыз»,- деди.

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер да куттуктоосунда: «Иш-аракеттерибиз Түркия кылымы максаттарыбыздын алкагында чечкиндүүлүк менен уланууда», деп айтты.

Гүлер министрлик катары улуттун коопсуздугун камсыз кылуу жана Республиканы түбөлүктүү кылуу үчүн өткөн кылымдын эң комплекстүү жана эң тыгыз иш-аракеттерин жүргүзүшкөнүн баса белгиледи.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун да, дүйнө тарыхында болуп көрбөгөндөй күрөштүн, кажыбас кайраттуулуктун жана чечкиндүүлүктүн, мекенге болгон чексиз сүйүүнүн эң көрүнүктүү эмгеги катары түзүлгөн Республиканын 100 жылдыгына жетүүнүн татыктуу сыймыгын жана кубанычын өткөрүп жатышканын билдирди.

Президенттин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча башкы кеңешчиси, элчи Акиф Чагатай Кылыч болсо, Республиканын 100 жылдыгы менен куттуктап: «Түркия кылымында желегибизди бийик желбиретебиз»,-деди.

Кылыч: «Республикабызды 2053 жана 2071-жылга карата көз каракштарына жергиликтүү жана улуттук технологиялык кадамдар менен жеткиребиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар