Түркияда Израилге каршы митингдер болду
Палестина тилектештик платформасынын чакыруусу менен борбор шаар Анкарада көптөгөн бейөкмөт уюм чогулуп, Израилдин Газага кол салууларына каршылык көрсөтүштү.
Израилдин Газа тилкесине каршы күчөгөн кол салууларына өлкө боюнча нааразычылык билдирилди.
Палестина тилектештик платформасынын чакыруусу менен борбор шаар Анкарада көптөгөн бейөкмөт уюм чогулуп, Израилдин Газага кол салууларына каршылык көрсөтүштү.
Америка Кошмо Штаттарынын Анкара элчилигинин алдына чогулган топ Түркия жана Палестинанын желектерин көтөрүп, Израиль жана АКШга каршы ураандарды чакырышты.
Көптөгөн бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү сөз сүйлөп, палестиналыктар үчүн дуа кылышты. Элчиликтин имаратынын алдында намаз окугандан кийин топ тарады.
Израилдин Стамбулдагы башкы консулдугунун алдына чогулган митингчилер Израилге каршы ураандарды чакырышты.
Митингчилер Израилдин Газага жасаган кол салууларын айыпташты. Израилдин кол салууларына Стамбулдун көптөгөн районунда нааразылык билдирилди. Митингдерде Газа эли үчүн дуалар окулду.
Муглада бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү жана университет студенттери Израилдин кол салууларына каршы чыгып, эзилгендердин тарабында экендерин көрсөтүштү.
Израилдин Газага кол салууларына Эдирне, Кыркларели, Текирдаг, Диярбакыр, Бингөл, Батман, Сиирт, Мардин жана Элазыгда да нааразычылык билдирилди.
Жарандар митингдерде палестиналыктар үчүн дуа кылышып, түрк жана Палестина желектерин көтөргөн топтор Израилге жана АКШга каршы ураандарды чакырышты.
Нааразычылык акцияларында эзилген палестиналыктардын дүйнөнүн көз алдында Израиль күчтөрү тарабынан геноцидге дуушар болгонуна көңүл бурулду.
Израилдин 7 - октябрдан бери Газада уланып жаткан кол салууларында 7 миң 326 киши каза болду.
Тектеш кабарлар
Ирактын түндүгүндө 2 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.