Республиканын 100 - жылы атайын иш - чаралар менен майрамдалат

29 - октябрь Республика майрамынын эки маанилүү  борбору Анкара жана Стамбул болот.

2057118
Республиканын 100 -  жылы атайын иш  -  чаралар менен майрамдалат

Түркия Республикасынын негизделишинин 100 жылдыгы эртең өлкө боюнча өзгөчө иш - чаралар менен белгиленет.

29 - октябрь Республика майрамынын эки маанилүү  борбору Анкара жана Стамбул болот.

Ушунун негизинде президент Режеп Таййип Эрдоган 29 - октябрда мамлекеттик кызматкерлер менен Түркия Республикасынын негиздөөчүсү, улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрктүн сөөгү жаткан Аныткабирге барат.

Эрдоган президенттик комплексте «Республиканын 100 жылдыгына карата 100 чоң майлуу живопись көргөзмөсүн» барып көрөт  жана 29 - октябрь Республика майрамына карата куттуктоолорду кабыл алат.

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Нуман Куртулмуш да Биринчи парламент имаратынын Боштондук согуш музейиндеги иш  -  чараларга катышат. 

Иш  - чарада Улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрктүн 1923 -  жыл 29 -  октябрдагы Түркия Улуу Улуттук Парламентинин жыйынында сүйлөгөн сөзү  аткарылат. Бул жерде  конокторго кайрыла турган Куртулмуш андан кийин  атайын дептерге  кол койот. 

Президенттиктин координациясында  парад өтөт. 

Түрк аба күчтөрүнүн пилотаждык командасы SOLOTÜRK, Аныткабирдин үстүндө учат. 

Президенттик симфониялык оркестр да Анкарадагы 2-Парламент имаратында «100 жылдык концертин» берет.

Республиканын  100 жылдыгын белгилөөнүн башка бир маанилүү жери Стамбул болот. 

Стамбулдун Таксим аянтындагы Ататүрк маданият борборунун алдында суу көшөгөсү, суу шоусу жана үч өлчөмдүү мазмунду көрсөтүүчү экрандар менен өткөндөн ушул күнгө чейин Түркия кылымы көз карашы интерактивдүү жана технологиялык тажрыйба менен тартууланат.

Мындан тышкары Республиканын 100 жылдыгына карата Үскүдар, Таксим, Бакыркөй сыяктуу аянттар менен Галата мунарасы, Хайдарпаша вокзалы, Долмабахче сарайы сыяктуу тарыхый жайларда атайын иш-чаралар, санариптик көргөзмөлөр жана үч өлчөмдүү шоулар өткөрүлөт.

Стамбул босфорунда Түрк жылдыздары жана SOLOTÜRK учактары менен 20 аскердик учагы  Босфордун үстүнөн  учат.

Түркиянын эң чоң аскердик кемеси араларында  «TCG Anadolu» да болгон 100 аскердик  кеме Босфор кысыгында параддан өтөт. Өзгөчө  101  замбирек огу атылат. 

Президент Эрдоган 100 жылдык куттуктоосун жарандар менен бөлүшөт.

Иш - чаралардын алкагында 15 - Июль Шейиттер көпүрөсүндө 2023 дрондор  менен Стамбул босфорунда жарык жана фейерверк шоулору болот.

 



Тектеш кабарлар