Фахреттин Алтун Израилди айыптады

Фахреттин Алтун социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө Израилдин жарандарды коргоого жана негизги адам укуктарын сактоого кызыкпагандыгын дагы бир жолу көрсөткөнүн белгиледи.

2056982
Фахреттин Алтун Израилди айыптады

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун Газаны тыш дүйнө менен байланыштырган бардык эл аралык байланыш каналдарына тоскоол болуу аракеттеринин ачыкча жана согуштук кылмыш кылуу ниетин көрсөткөндүгүн белгиледи. 

Фахреттин Алтун социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө Израилдин жарандарды коргоого жана негизги адам укуктарын сактоого кызыкпагандыгын дагы бир жолу көрсөткөндүгүн айтты.

Газада стационардык телефон, уюлдук телефон жана интернет байланыштарын толугу менен өчүрүүнүн кабыл алынгыс экенин белгилеген Алтун Израилдин палестиналыктарга кол салууларынын акыркы баскычы экениндигин айтты. 

Израиль армиясынын 7 - октябрдан бери курчоо астындагы Газага абадан катуу кол салууларын улантып, бир эле учурда эң негизги адам укуктарына жана баалуулуктарына дагы бир ачык чабуул жасаганын жана байланыш каналдарын үзгөнүн эске салган Алтун : "Газаны тышкы дүйнө менен байланыштырган бардык эл аралык байланыш каналдарын жабууну максат кылган Израилдин электр жарыгын өчүрүүсү анын согуштук кылмыш кылуу ниетин ачык көрсөтүүдө.  Бул Израилдин жарандардын жашоосун талкалап жатат деген жийиркеничтүү чындыкты жашыруу аракети. Батыштын бул кол салууга каршылык көрсөтпөшү аларды  бул кылмышка өнөктөш кылууда. Газадагы элдин укуктарын көрбөстүккө салып жана жалпы жазаландырылышы жактай турган абал эмес",- деди. 

Израилдин Газага 7 - октябрдан бери уланып жаткан кол салууларында 7 миң 326 киши каза болду.

 



Тектеш кабарлар