Эрдоган Чоң Палестина митингинде батыштыктарды сынга алды

Президент Режеп Таййип Эрдоган Израилдин  3 жумадан бери бомбалаган Газа тилкесинде болгондорго үнсүз калган батыштык өлкөлөрдү сынга алды.

2057149
Эрдоган Чоң  Палестина митингинде батыштыктарды сынга алды
erdogan filistin miting.jpg
istanbul filistin mitingi.jpg
istanbul filistin mitingi.jpg
istanbul filistin mitingi.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Израиль  3 жумадан бери бомбалаган Газа тилкесинде болгондорго үнсүз калган батыштык өлкөлөрдү: "Украинада  каза болгондор үчүн көз жашын төктүңөр да Газадагы балдар үчүн эмнеге үнүңөр чыкпай жатат",- деген сөздөр менен сынга алды. 
Президент Эрдоган Стамбулда болгон Чоң Палестина митингинде сөз сүйлөдү.

Эртең Түркия Республикасынын негизделишинин 100 жылдыгынын кубанычын, бүгүн болсо Газанын кыйынчылыктарын дүйнөгө жар сала тургандарын баса белгиледи. 

Крымдан Карабахка, Босниядан Керкүккө, Палестинадан Түркстанга, Ооганстандан  Чеченстанга  чейин көптөгөн аймак үчүн көз жашын төккөндөрүн айткан Эрдоган : "Биз бул жерде Газада болгон кыргындан эле сөз кылып калбастан  аны менен бирге   эгемендүүлүгүбүздү жана келечегибизди коргоп жатабыз»,- деди. 

Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылы Хамастын террордук уюм эмес экенин дагы бир жолу белгилеген президент, Израилдин бул билдирүүсүнөн тынчсызданганын эске салып : "1947 - жылы Газа, Палестина кандай эле, бүгүн кандай? Израиль сен бул жерге кандай келдиң? Кандай кирдиңер? Сен баскынчысың, сен бир уюмсуң",- деди. 

Эрдоган: «Израилдин аймактагы бир пешка экенин баары билет, ал күнү келгенде курмандыкка чалынат»,-деп өз баасын берди.

Эрдоган Израилдин кыргындарына колдоо көрсөткөн батыш дүйнөсүнө кайрылып:«Эй Батыш, мен сени чакырып жатам. Кайрадан жарым ай-крест кагылышуусунун башталышын каалап жатасыңбы? Мындай аракетте болсоң, билгин, бул эл өлбөдү»,-деп айтты.

Батыш дүйнөсүнүн Газадагы балдардын, аялдардын жана бейкүнөө адамдардын кырылышын мыйзамдаштыруу үчүн саясатчыларды жана медианы мобилизациялаганын баса белгилеген президент, Израилдин ачыктан-ачык согуш кылмышын кылганын белгиледи.

Израилди согуш кылмышкери деп жарыялай тургандарын жарыялаган Эрдоган:«Азыр биз буга даярданып жатабыз, анын үстүндө иштеп жатабыз жана Израилди согуш кылмышкери катары дүйнөгө таанытабыз», - деди.

Израилдин 7 -  октябрдан  бери Газага карата үзгүлтүксүз  улантып жаткан кол салууларында  көпчүлүгү балдар жана аялдар болгон 7 миңден ашуун палестиналык каза болду. 

 

 



Тектеш кабарлар