Эрдоган - Бердимухамедов пресс - жыйыны

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркмөнстанды Түрк Мамлекеттер Уюмунда толук мүчө катары көрүүнү каалагандарын билдирди.

2056573
Эрдоган  -  Бердимухамедов  пресс  - жыйыны
Berdimuhamedov-Erdogan1.jpg
Berdimuhamedov-Erdogan.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркмөнстанды Түрк Мамлекеттер Уюмунда толук мүчө катары көрүүнү каалагандарын билдирди.

Эрдоган Түркияга расмий сапар менен келген Түркмөнстандын президенти Сердар Бердимухаммедов менен президенттик комплексте жекеме  - жеке сүйлөштү.

Эки өлкөнүн делегациялары жолугушкандан кийин Түркия менен Түркмөнстандын ортосунда келишимдерге кол коюлду.

Кол коюу аземинен кийин Эрдоган менен Бердимухамедов биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.

Пресс  - жыйында сөз сүйлөгөн президент Эрдоган сапардын Бердимухамедовдун президент катары Түркияга жасаган алгачкы сапары болушу менен да өзгөчө мааниге ээ экендигин айтып : «Орток тарых, тил, дин жана маданиятка негизделген карым-катнаштарыбыз күн сайын өнүгүүдө»,- деди.

Сүйлөшүүлөрдө эки өлкөнүн карым  - катнаштарына баа берилгендигин, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыккандарын айткан Эрдоган Бердимухамедов менен Түркмөнстандын  туруктуу тарапсыздык статусунун негизинде Газа башта болгон аймак бетме  - бет келген актуалдуу маселелер тууралуу пикир алышууларда болушкандарын белгиледи.

Көптөгөн темада Түркмөнстан менен көз караштары окшош экенин белгилеген Эрдоган : "Дүйнөдөгү жана өзгөчө биздин аймакта болуп жаткан окуялар Түрк Мамлекеттер Уюмунун чатыры астындагы биримдигибиздин маанилүүлүгүн көрсөттү. Мен дагы бир жолу баса белгилегим келет, биз уюмга байкоочу мүчө болгон Түркмөнстанды толук мүчө катары көргүбүз келет»,- деди.

Түркмөнстандын президенти Бердимухамедов да келечекте достук, урмат-сый жана өз ара теңдик принциптерине негизделген стратегиялык түркмөн-түрк кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр экендиктери ырасталгандыгын билдирди.

Бердимухамедов Эрдоган менен түркмөн жаратылыш газынын жана электр энергиясынын Каспий деңизи аркылуу Түркияга жеткирилишин сүйлөшкөндөрүн айтты.

Бердимухамедов өзгөчө эки тараптуу соода көлөмүнүн арттылышынын маанисине да көңүл бурулгандыгын айтты.

Президент Эрдоган Бердимухамедовдун урматына кечки сый тамак берди.



Тектеш кабарлар