Жевдет Йылмаз Анкарада Батыр Атдаев менен жолугушту

Жолугушууда, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык, саясий жана маданий карым-катнаштарды күчтөндүрүү аракеттерине баа берилди.

2055970
Жевдет Йылмаз Анкарада Батыр Атдаев менен жолугушту

Вице-президент Жевдет Йылмаз Түркмөнстандын Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары Батыр Атдаев менен жолугушту.

Баш калаа Анкарада Президенттик комплекстеги жолугушууда, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык, саясий жана маданий карым-катнаштарды күчтөндүрүү аракеттерине баа берилди.

Вице-президент Йылмаз жолугушууда Палестина-Израиль кагылышуусуна токтолуп, Түркиянын туруктуу чечимдин камсыздалышы үчүн тыгыз дипломатиялык аракеттерди жүргүзүп жатканын жана чыңалууну азайтуу үчүн президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде бардык тиешелүү мекемелер менен колунан келгендин баарын кылып жатканын айтты.

Атдаев болсо Палестина-Израиль жаңжалына кайгыруу менен байкоо салгандарын жана тынчтыктын өкүм сүрүшүн каалагандарын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар