Өмер Челик : "Израиль Газаны адам жашабаган жерге айландыруу аракетинде

Адилеттик жана өнүгүү париясынын (АК) төрага орун басары жана партиянын катчысы Өмер Челик Израилдин Газаны адам жашабаган жерге айландыруу аракетинде экендигин айтты.

2055496
Өмер Челик : "Израиль Газаны адам жашабаган жерге айландыруу аракетинде

Адилеттик жана өнүгүү париясынын (АК) төрага орун басары жана партиянын катчысы Өмер Челик Израилдин Газаны адам жашабаган жерге айландыруу аракетинде экендигин айтты. 

Партиясынын Борбордук Аткаруу Кеңешинин жыйыны учурунда  пресс  - жыйын өткөргөн Челик Газадагы окуялар улантылган сайын гуманитардык абалдын да барган сайын кыйындап бара жаткандыгын айтты.

Каза болгон палестиналыктардын саны  5 миңге жакындап, мунун жарымынын балдар экендигин белгилеген Челик аялдар жана күнөөсүз адамдардын көптөгөн күндөрдөн бери бомбалоолордо каза болгондугун айтты. 

Челик : "Израилдин  өзүн коргоо укугу, коргоосуз адамдарга бомба жаадыруу, бардык аймакты ичине жетелеген аймактык кагылышууну  алып келе турган  провокацияны баштоо эмес. Батыштык лидерлер Израилдин өзүн коргоо укугунан сөз кылып жатып ошол эле учурда палестиналык балдардын, күнөөсүз адамдардын жашоо укугунан жана Газаны адамзаттын көз алдында жок болуу аракетине каршы  баарынын каршы турушу керектигинен да сөз кылышы керек. Бүткүл дүйнө  Газага гуманитардык жардам берүүдө Израиль болсо Газаны адам жашабаган жерге айландыруу аракетинде. Газанын  кургактыктан жүргүзүлгөн операция менен адам жашабаган жерге айландырылышы адамзаттык тышы бир максат болот. Аймакта мындан чоң кагылышуулардын чыгышына жол ачат",- деди. 

Израиль менен Палестинанын ортосундагы кагылышуулардын акырына чыгышы жана эки мамлекеттүү чечүүчү жолдун ишке ашырылышы керектигине басым жасаган Челик : "Маселенин чечилиши аскердик жол менен эмес, саясий жол. Оккупация акырына чыкпастан  эки мамлекеттүү, борбор шаары Чыгыш Кудс болгон, географиялык бүтүндүккө ээ Палестина мамлекетин түзбөстөн бул маселенин чечилиши мүмкүн эмес",- деди. 

 



Тектеш кабарлар