Габарда мунай өндүрүшү көбөйдү

TPAO, Х социалдык медиа платформасынан видео билдирүү жарыялады.

2054633
Габарда мунай өндүрүшү көбөйдү

Түркия мунай заттар акционердик өнөктөштүгү (TPAO) Шырнактын Габар тоосунда күнүмдүк мунай өндүрүшүнүн 25 миң баррелге жеткенин билдирди.

TPAO, Х социалдык медиа платформасындагы видео билдирүүсүндө: «Энергетикада көз карандысыз Түркия максатыбызга карай, ай-жылдыздуу желегибиздин көлөкөсүндө күнү-түнү дебестен бүтүндөй командабыз менен иштеп жатабыз»-деген сөздөр камтылды.

Габар долбоорунда күнүмдүк мунай өндүрүшүнүн 25 миң баррелге жеткени белгиленген билдирүүдө, TPAOнун башкы директору Мелих Хан Билгиндин төмөнкү сөздөрү орун алды:

«Өлкөбүздүн экономикасы жана мекемебиз үчүн чоң баалуулуктар өндүрүлүүдө. Жылдын акырына чейин максатыбыз Габар долбоорунан эле суткалык өндүрүшүбүздү 35 миң баррелге жеткирүү. 2024-жылдын акырына карата максатыбыз болсо бир гана Габар долбоорунда күнүмдүк 100 миң баррелдик өндүрүш. Бул максатка жетүү үчүн бүткүл күчүбүздү жумшап, бүтүндөй командабыз бирге күнү-түнү иштеп жатабыз».



Тектеш кабарлар