Президент Эрдоган НАТОнун баш катчысы менен сүйлөшүү өткөрдү

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда телефондогу сүйлөшүүдө адам укуктарынын бузулушуна жол бербөө жана бейкүнөө жарандарга гуманитардык жардамдын үзгүлтүксүз жеткирилиши үчүн көрүлө турган чаралар талкууланды.

2054146
Президент Эрдоган НАТОнун баш катчысы менен сүйлөшүү өткөрдү

Израилдин Газа тилкесине жасаган чабуулдарынан кийин Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда телефондогу сүйлөшүүдө адам укуктарынын бузулушуна жол бербөө жана бейкүнөө жарандарга гуманитардык жардамдын үзгүлтүксүз жеткирилиши үчүн көрүлө турган чаралар талкууланды.

Эрдогандын телефон сүйлөшүүсүндө Батышты да катуу сындаганы белгиленди. Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда Эрдоган, Батыш мамлекеттеринин мамилесинин Израилдин Газа тилкесиндеги адам укуктарын бузууларын арттыра турганын айтты. Билдирүүгө ылайык, Эрдоган Батыш Израилди токтотуу үчүн эч кандай аракет кылбаганын баса белгиледи. Президент, Батыш жана дүйнөлүк коомдук пикир гуманитардык трагедияларды токтотуу үчүн мүмкүн болушунча тезирээк чара көрүшү керектигин коушмчалады.

Израиль Хамастын жооп кайтаруусунан кийин Газа тилкесиндеги палестиналык каршылык уюмун жок кылууну каалаганын жарыялады. Израилдин расмий маалыматына караганда, 7-октябрдагы Хамастын чабуулунан 1400дөй израилдик каза болду.

Ошондон бери Израиль армиясы Газа тилкесиндеги ооруканалар, мечиттер жана чиркөөлөр сыяктуу жарандык буталарга Хамас Газадагы карапайым калкты «адам калкан» катары колдонуп жатат деген шылтоо менен абадан катуу сокку урууда.

Бул процессте Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы көрсөткүчтөрүнө караганда 7-октябрдан бери Газа тилкесинде 70 пайызы балдар жана аялдар болгон 4385 палестиналык каза болду. 1000ден ашуун адам дайынсыз болууда. Бул адамдар урандылардын астында экени болжолдонууда.

Жакынкы Чыгыш аймагынан көптөгөн мамлекет жана өкмөт башчылар, БУУнун өкүлдөрү, тышкы иштер министри Хакан Фидан жана немис кесиптеши Анналена Баербок катышкан ушул ишембиде Египетте өтө турган тынчтык саммитине Израил катышпайт. Басма сөз катчы буга чейин алар чакырылбаганын жана катышпай турганын билдирген.



Тектеш кабарлар