Эрдоган-Столтенберг сүйлөшүүсү

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда тетефондогу сүйлөшүүдө Газадагы акыркы абал талкууланды.

2054073
Эрдоган-Столтенберг сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда тетефондогу сүйлөшүүдө Газадагы акыркы абал, адам укуктарынын бузулушуна жол бербөө үчүн эмне кылуу керектиги жана бейкүнөө жарандарга гуманитардык жардамдын үзгүлтүксүз жеткирилиши талкууланды.

Президент Эрдоган сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Батыш өлкөлөрүнүн мамилеси Газада адам укуктарынын бузулушун арттырганын айтты.

Өлкөлөрдүн Израилди токтотуу үчүн аракет кылбашы орду толгус кесепеттерге алып келерин баса белгилеген Эрдоган, Батыш жана дүйнө коомдук пикири көз алдыбызда болуп жаткан жана көрмөксөнгө салынган гуманитардык трагедияларды токтотуу үчүн мүмкүн болушунча тезирээк чара көрүшү керектигин билдирди.



Тектеш кабарлар