Эрдоган Хания менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда телефондогу сүйлөшүүдө Газадагы акыркы абал жана учурдагы процесс талкууланды.

2054102
Эрдоган Хания менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган кечээ Хамастын саясий бюросунун төрагасы Исмаил Хания менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда телефондогу сүйлөшүүдө Газадагы акыркы абал жана учурдагы процесс талкууланды.

Президент Эрдоган анда Түркиянын гуманитардык жардамдын Газага жетүүсү жана жарадарлардын керек болгон учурда Түркияда дарыланышы үчүн аракет кылып жатканын, аймакта ок атышпоонун эң кыска мөөнөттө болушу үчүн аракет кылып жатканын айтты.

1967-жылдагы чек араларда борбор шаары Кудс болгон эгемендүү Палестина мамлекети түзүлбөстөн Израиль-Палестина маселесинде туруктуу чечүүнүн ишке ашпай турганын баса белгилеген президент Эрдоган, Түркиянын туруктуу тынчтык үчүн эл аралык күрөшүн уланта турганын да белгиледи.



Тектеш кабарлар