Эрдоган Мальдивлердин президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Эрдоган Муиззуну өлкөсүндөгү президенттик шайлоодо жеңишке жетиши менен куттуктады.

2054050
Эрдоган Мальдивлердин президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Мальдив аралдарынын мамлекет башчысы Мухаммед Муиззу менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда, сүйлөшүүдө Израиль - Палестина кагылышууларынын алкагында акыркы абалдар жана гуманитардык темалар каралды.

Сүйлөшүүдө президент Эрдоган Түркиянын аймакта тынчтыкты камсыз кылуу үчүн да, гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн да колунан келгендин баарын жасап жатканын, тынымсыз жаңы формулалар иштелип жатканын жана мунун улана турганын айтты.

 Эрдоган Муиззуну өлкөсүндөгү президенттик шайлоодо жеңишке жетиши менен да куттуктады.



Тектеш кабарлар