Фидан: «Террордук уюмдардын ар бир кыймылын дарегине кайтарабыз»
Тышкы иштер министри Хакан Фидан министрликте гезиттердин Анкарадагы өкүлдөрү менен жолугушту.
Тышкы иштер министри Хакан Фидан: «Террордук уюмдардын ар бир кыймылын «дарегине кайтарабыз»»,-деп айтты.
Фидан министрликте гезиттердин Анкарадагы өкүлдөрү менен жолугушту.
Өткөн жумада Сириянын түндүгүндө атып түшүрүлгөн учкучсуз учуучу аппарат маселесинен кийин Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен чыңалган карым-катнаштардан улам Сириядагы учурдагы абал тууралуу суроого жооп берген Фидан: «Албетте, Сириядагы террордук уюм жана террордук түзүмдөрдү жок кылуу боюнча позициябыздан кайтпайбыз»,-деди.
Фидан террордук уюм менен күрөшүүнүн Түркиянын эң негизги темасы экенин белгилеп: «Операциялар учурунда берген билдирүүбүз ачык. Башкача айтканда, уюм Түркияда бир акция өткөрсө, мындан ары Ирактагы үңкүрлөрдөн жооп ала албайт. Ар бир кыймылды дарекке кайтарабыз»,-деп айтты.
Бул стратегиянын абдан таасирдүү экенин баса белгилеген Фидан: «Чындыгында (1-октябрда борбор шаар Анкарада) Кызылайда болгон террордук окуядан кийин Улуттук чалгындоо уюмубуздун да, куралдуу күчтөрүбүздүн да катуу бутага алуусуна дуушар болушту. Биз берген билдирүү орундалды»,-деди.
«Түркиянын операциялары аймактагы ДЕАШ менен күрөшүүгө терс таасирин тийгизүүдө» деген дооматтарга байланыштуу Фидан: «Ошол аймакта уюмду жашаткан уюштуруу инфраструктурасын жана уюмдун киреше алып келүүчү булактарын жок кылуудан тартынбайбыз»,-деп жооп берди.
АКШ аймактан чыккан күнү уюмдун ал жерге баш калкалай албасын белгилеген Фидан : «Анткени ал жердеги жергиликтүү калк, арабдар жана сириялыктар да алардан ыңгайсызданып жатышат. Аларды колдогондордун жалгыз шылтоосу ДЕАШ менен күрөшүү»,-деп айтты.
Хакан Фидан учурда аймакта ДЕАШка каршы реалдуу күрөш жок экенин белгилеп: «Америкалыктарга муну айтып жатабыз: Сирия аймагында силер менен эч кандай көйгөйүбүз жок. Бирок биз ал жерде жайгашкан террордук уюмду бутага алуудан кайра тартпайбыз»,-деди.
Аймакта эч ойлонбостон чара көрүлүшү керектигине көңүл бурган тышкы иштер министри: «Кызыл сызыгыбыз болгон кээ бир нерселер бар. Бул жерде эч кандай санкция чечими, эч бир мамиле биздин позициябызды өзгөртө албайт»,-деди.