Фидан Ливандын Тышкы иштер жана мигранттар министри Абдаллах Бухабиб менен жолугушту

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Израиль  -  Палестина кагылышуусуна байланыштуу : "Бул согуштан чоң согуштун чыгышы мүмкүн болгондой эле, тарыхый бир тынчтык да  түзүлүшү мүмкүн",- деди.

2052208
Фидан Ливандын Тышкы иштер жана мигранттар министри Абдаллах Бухабиб менен жолугушту
Hakan Fidan-Joseph Avn.jpg
Hakan Fidan-Necib Mikati.jpg

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Израиль  -  Палестина кагылышуусуна байланыштуу : "Бул согуштан чоң согуштун чыгышы мүмкүн болгондой эле, тарыхый бир тынчтык да  түзүлүшү мүмкүн",- деди. 

Палестинадагы Израиль зомбулугунун акырына чыгышы үчүн иштерин улантып жаткан Хакан Фидан ушунун негизинде Ливандын борбор шаары Бейрутка сапар менен барды. 

Фидан Ливандын Тышкы иштер жана мигранттар министри Абдаллах Бухабиб менен жолугушту. 

Эки тараптуу карым  - катнаштар менен бирге  актуалдуу аймактык жана эл аралык абалдар каралган жолугушуудан кийин пресс  -  жыйын өткөрүлдү.

Хакан Фидан жыйында Израиль  -  Палестина кагылышуусуна байланыштуу буларды айтты : "Бул согуштан дагы чоң согуш чыгышы мүмкүн болгондой эле тарыхый бир тынчтык да түзүлүшү мүмкүн. Президентибиз режеп Таййип Эрдоган  тарыхый бир тынчтыктын мүмкүн экендигине ишенет. Согуштун Ливан башта болгон Египет жана Иордания болгон аймак өлкөлөрүнүн туруксуздашуусуна жол ача тургандай өнүгүшүнө тоскоол болуу үчүн  колубуздан келгенди аткарып жатабыз".

"Бирөөнүн жерин басып алып жатасыңар. Үйүн тартып алып, башка бирөөнү алып келип жатасыңар, "отурукташуучу" деп жатасыңар. Мунун аты уурулук",-  деген Фидан көптөгөн жылдардан бери гегомониялык күчтөрдүн медианын күчү менен  маселенин чыныгы табяитын унуттургандарын көргөндөрүн, эми муну токтотуунун учуру келгендигин айтты. 

Түркиянын тарыхы, күчтүү тажрайбасы бар мамлекет экендигин баса белгилеген Фидан : "Жасалган эскертүүлөргө кулак салгыла. 1967 -  жылдагы чек арага негизделген эки мамлекеттүү, борбору Кудс болгон Палестина мамлекети тууралуу эми эл аралык коомчулуктун олуттуу кадам таштоо учуру келди. Палестина мамлекетинин курулушу кечеңдетилген сайын  аймакта тынчтык түзүлбөйт. Акыркы окуялар  мунун далили болду",- деди. 

Фидан туткунга алынган чет элдиктердин, жарандардын бошотулушу жана туруктуу тынчтыктын түзүлүшү үчүн аракеттеринин улантыларын билдирди. 

Тышкы иштер министри Фидан Бейруттагы жолугушуларынын негизинде Түрк Кызматташуусу жана Координация Агенттигинин төрагалыгы тарабынан рестоврацияланган Ливандын тышкы иштер министрлигинин имаратынын расмий ачылуу аземине да катышты. 

Андан кийин Ливандын премьер-министри Нежиб Микати тарабынан кабыл алынган Хакан Фидан Ливандын башкы штабынын төрагасы Жозеф Авн менен да жолугушту.

 



Тектеш кабарлар