Түркиядан Ливияга жардам жөнөтүү улантылууда
Кырсык жана чукул кырдаалдарды башкаруу төрагалыгы (AFAD) тарабынан Измир Алсанжак портунан Ливияга жеткирлиши үчүн дагы 850 тонна гуманитардык жардам материалынын жөнөтүлгөнү билдирилди.
Түркиядан Ливияга дагы 850 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү.
Кырсык жана чукул кырдаалдарды башкаруу төрагалыгы (AFAD) тарабынан Измирдеги Алсанжак портунан Ливияга жеткирлиши үчүн дагы 850 тонна гуманитардык жардам материалынын жөнөтүлгөнү билдирилди.
AFADдын социалдык медиа эсебинен жасалган билдирүүдө 10-сентябрда чоң апаатты башынан өткөргөн ливиялыктардын кырсыктын кесепеттерин жоюусу улантылып жатканы жана үмүтсүздүктүн артындагы үмүт болуп жатканы белгиленди.
Билдирүүдө: «AFAD координациясында түзгөн боорукердик көпүрөсү менен издөө-куткаруу жана медициналык кызматкерлерди жана көптөгөн гуманитардык жардам материалдарын 4 учак жана 5 кеме менен Ливияга жеткирдик. Бүгүн Измирден дагы 850 тонна гуманитардык жардам материалы Ливияга жеткирилиши үчүн Алсанжак портунан жолго чыкты»,деген маалымат берилди.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) Ливиянын чыгышында 10-сентябрда болгон селде каза болгондордун саны 4 миң 333 болгонун жарыялады.
Тектеш кабарлар
Ирактын түндүгүндө 2 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.