Түркияда миңдеген адамдар Палестинаны колдоо демонстрацияларына катышты

Палестинанын Түркийедеги элчиси Фаед Мустафа бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Израилдин Газада кары-картаңдар,  аялдар жана балдар дебестен 2 миңден ашуун кишини өлтүргөнүн белгиледи.

2050982
Түркияда миңдеген адамдар Палестинаны колдоо демонстрацияларына катышты
annkara filistin destek.jpg
istanbul filistin destek.jpg

Борбор шаар Анкарада «Палестинага колдоо, сионизмге наалат» митинги өткөрүлдү.

Анытпаркта өткөрүлгөн митингде көптөгөн бирикмелер жана бейөкмөт уюмдар тарабынан гимндер ырдалды. Митинг аянтында Палестинага колдоо ураандары чакырылып, «Кудска салам, каршылык көрсөтүүнү улант» деген чоң баннер илинген.

Палестинанын Түркийедеги элчиси Фаед Мустафа бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Израилдин Газада кары-картаңдар,  аялдар жана балдар дебестен 2 миңден ашуун кишини өлтүргөнүн белгиледи.

Стамбулдун Фатих районунда Израилдин Палестинадагы зордук-зомбулуктарына каршылык көрсөтүү максатында «Улуу Палестина жүрүшү» өткөрүлдү.

Жөө жүрүшкө жарандар менен бирге бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү да активдүү катышты.

Жүрүшкө Билимди жайылтуу фондунун камкорчулар кеңешинин төрагасы Билал Эрдоган, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын мурдагы төрагасы Мустафа Шентоп жана мурдагы ички иштер министри Сүлейман Сойлу да катышты.

Байкар директорлор кеңешинин төрагасы жана Т3 Фондунун камкорчулар кеңешинин төрагасы Селчук Байрактар ​​катышкан жүрүштөн: «Зулумга үнсүз калбоо үчүн Улуу Палестина жүрүшүндө биз үй-бүлөбүз менен Беязыттан Аясофияга бара жатабыз»,-деп бөлүштү.

Дин иштери башкармалыгынын төрагасы Али Эрбаштын жетекчилигинде Айя София мечитинде окулган шам намазынан кийин Палестинада каза болгондор үчүн дуба кылынды.

Өлкөнүн бардык жеринде өкмөттүк эмес уюмдардын мүчөлөрү жана жарандар Палестинаны колдогон үчүн демонстрацияга чыгышты.



Тектеш кабарлар