Түркия менен Грециянын Биргелешкен иш-аракеттердин планы боюнча жолугушуусу болот

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин социалдык тармактагы эсебинде жарыяланды.

2051042
Түркия менен Грециянын Биргелешкен иш-аракеттердин планы боюнча жолугушуусу болот

Түркия менен Грециянын орток кыймыл планы жыйыны жана саясий кеңешмелери 16-17-октябрда Грециянын борбор шаары Афинада өткөрүлөт.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин социалдык тармактагы эсебинде жарыяланды.

Түркия менен Грециянын ортосундагы «Оң күн тартиби» диалогунун алкагында тышкы иштер министринин орун басары элчи Бурак Акчапар менен Грециянын тышкы иштер министринин орун басары Константинос Фрагогианнис баштаган делегациялар эртең Афинада жолугушат.

Жолугушууда эки тараптуу соода, экономика, энергетика, транспорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо, айлана-чөйрө жана адамдык карым-катнаштарды өнүктүрүү боюнча Биргелешкен иш-аракеттер планы каралып, 22-мартта борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн акыркы жолугушуудан берки жетишкендиктердин каралышы жана ошондой эле процесске киргизиле турган жаңы кызматташтык тармактарынын кеңешилиши, айрыкча процесстин келечеги тууралуу пикир алмашуу көздөлгөн.

Бир тараптан 17-октябрда Түркия менен Грециянын тышкы иштер министрликтеринин кезектеги саясий кеңешүүлөрүнүн алкагында Тышкы иштер министринин орун басары, элчи Бурак Акчапар менен Грециянын тышкы иштер министринин орун басары, элчи Александра Пападопулу баштаган делегациялардын ортосунда Афинада жолугушуулар өткөрүлөт..

Саясий кеңешүүлөрдө эки тараптуу мамилелер, аймактык жана эл аралык маселелер каралат.



Тектеш кабарлар