Хакан Фидан Каирде кесиптеши Самих Шукри менен маалымат жыйын өткөрдү

Тышкы иштер министри Фидан Израилдин Палестинадагы күнөөсүз жарандарды бутага алган кол салууларын жана жарандык жоготууларды айыптагандыгын жарыялады.

2050901
Хакан Фидан  Каирде кесиптеши   Самих Шукри менен маалымат жыйын өткөрдү

Тышкы иштер министри Фидан Израилдин Палестинадагы күнөөсүз жарандарды бутага алган кол салууларын жана жарандык жоготууларды айыптагандыгын жарыялады. 

Хакан Фидан расмий сапар менен барган Египеттин борбор шаары Каирде египеттик кесиптеши Самих Шукри менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Израиль -  Палестина кагылышуусуна токтолгон   Фидан  : "(Палестинадагы) Күнөөсүз жарандарды бутага алган кол салууларды жана жарандардын каза болушун албетте кабыл албайбыз, айыптайбыз",- деди. 

"Израилди эл аралык мыйзамша жана гуманитардык баалуулуктарга коргоо чакырыгыбызды  дагы бир жолу кайталагым келет",- деген Фидан : "Түркия жана Египет катары  1967 -  жылдагы чектин ичинде борбор шаар Чыгыш Кудс болгон эгемендүү, көз карандысыз жана географиялык бүтүндүгү болгон Палестина мамлекетинин түзүлүшү тактап айтканда эки мамлекеттүү чечүүчү жолдун бир гана чечүүчү жол экендигин ойлоп жатабыз",- деп билдирди. 

Фидан  Египет бийлиги менен палестиналыктарга жардам көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышкандарын да  баса белгиледи.

Хакан Фидан Газадан эвакуацияларга байланыштуу : 

«Египет жана Израилдин бийликтери менен тыгыз кызматташуудабыз. Ичкериде  300дөй түрк жараны бар. Алардан  30 кишини  эвакуацияладык. Чек ара капкасы жабык болгондуктан учурда ишибиз уланууда», - деди.

Египеттин тышкы иштер министри Шукри да : "Палестиналыктарга карата  олуттуу гуманитардык таасирлерди жеңүү үчүн иштөөнүн мааниси боюнча Түркия менен орток көз караштабыз»,-деди. 

Хакан Фидан Каирде Араб лигасынын баш катчысы Ахмед Эбу Гайт менен да жолугушту.

 

 



Тектеш кабарлар