Ирактын түндүгүндө бир аскер шейит болду

Улуттук коргоо министрлиги шейит болгон аскердин үй - бүлөсүнө көңүл айтты.

2050226
Ирактын түндүгүндө бир аскер шейит болду

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Ирактын түндүгүндө "Чеңгел  -  Кулпу" операциясы жүргүзүлгөн аймакта жикчил террористтердин ок атуусу менен бир аскер шейит болду. 

Улуттук коргоо министрлиги : "Бизди терең кайгыга салган бул окуяда каза болгон шейитибизге Аллахтын  ырайымын, кайгылуу үй  - бүлөсүнө, түрк куралдуу күчтөрү менен улутубузга көңүл айтабыз",- деп билдирилди. 

 

 



Тектеш кабарлар