Жүргүнчү кемеси багытын Израилге эмес Мармариске бурду

Кечээ да Багама желектүү "Norwegian Jade" аттуу круиздик кеме Израиль - Палестина кагылышынан улам Хайфа портуна сапарын токтотуп, 2600 жүргүнчүсү менен Мармариске келген.

2050127
Жүргүнчү кемеси багытын Израилге эмес Мармариске бурду

Мальта желектүү «Mein Schiff 5» аттуу круиздик кеме Израиль - Палестина кагылышуусунан улам Хайфа портуна сапарын токтотуп, Мугланын Мармарис районуна келди.

Турунун алкагында Лимассол портуна келген  чоң круиздик кеме, багытын Израилдин ордуна Мармариске өзгөрттү. 

Мармарис круиз портунун чоң пристанына токтогон 296 метр узундуктагы кемеде көпчүлүгү немис болгон 2580 жүргүнчү жана 846 персонал бар экендиги маалымдалды. 

Бажы процедураларынан кийин кемеден чыккан туристтер шаардын борборун жана тарыхый жерлерди кыдырып, яхта портундагы  ресторан жана кафелерден тамактанышып, Мармарис  базарында соода кылышты.

«Mein Schiff 5тин» сапарынын Мармариске пландалбагандыгы белгиленди. 

Кечээ да Багама желектүү "Norwegian Jade" аттуу круиздик кеме Израиль - Палестина кагылышынан улам Хайфа портуна сапарын токтотуп, 2600 жүргүнчүсү менен Мармариске келген.

 

 



Тектеш кабарлар