Тышкы иштер министри Хакан Фидан Түркмөнстанга иш сапары менен барды

Фидан түркмөн кесиптеши Рашид Мередов менен да жолугушту. Андан кийин эки министр делегациялар ортосунда жолугушуу өткөрүштү.

2049483
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Түркмөнстанга иш сапары менен барды

Борбор шаар Ашхабаддагы «Элдик эскерүү комплексине» гүлчамбар койгон Хакан Фиданды Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов кабыл алды.

Фидан түркмөн кесиптеши Рашид Мередов менен да жолугушту. Андан кийин эки министр делегациялар ортосунда жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууда соода, энергетика, транспорт, контракттык кызмат көрсөтүү, парламенттер аралык кызматташтык, билим берүү, маданият жана консулдук маселелер талкууланды.

Бердымухамедовдун айдын аягындагы Түркия сапарына даярдыктар да күн тартибинде орун алды.

Министр Фидан түркмөн кесиптеши менен 2024 - 2025 - жылдарды камтый турган кызматташтык программасына да кол коюшту.



Тектеш кабарлар