Түркия Европада биринчи орунда

Президент Эрдоган «2023-2024-академиялык жылынын ачылыш аземине» катышты.

2048454
Түркия Европада биринчи орунда

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын 7 миллиондон ашуун студенти менен жогорку окуу жайларында катталган студент саны боюнча Европада биринчи орунда экенин айтты.

Президент Эрдоган «2023-2024-академиялык жылынын ачылыш аземине» катышты.

Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө, Түркиянын 7 миллиондон ашуун студенти менен жогорку окуу жайларында катталган студент саны боюнча Европада биринчи орунда экенин түшүндүрүп, сөзүн мындайча улантты:

«198 өлкөдөн келген 340 миңге жакын студент менен дүйнөдөгү эң көп эл аралык студенттерге ээ 10 мамлекеттин катарындабыз. Жогорку билим берүү тармагындагы кеңейүүгө параллель түрдө академиктердин санын да арттырдык. / •••/.Студенттерибиздин саны көбөйүп жатканда, академиктердин жумуш орду да тынымсыз артууда. Жалпы окутуучулардын курамынын 46 пайызын аялдар түзгөнү биз үчүн кубаныч», - деди.



Тектеш кабарлар