Куртулмуш : «Эки мамлекеттүү чечим мындан чыгуунун жалгыз жолу»

Стамбулдун Бүйүк Чамлыжа мечитинде «Мечит жана дин кызматкерлери жумалыгы» үчүн уюштурулган программага катышкан Нуман Куртулмуш сөзүндө Палестина маселесине токтолду.

2047877
Куртулмуш : «Эки мамлекеттүү чечим мындан чыгуунун жалгыз жолу»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Нуман Куртулмуш, мусулмандардын кызыл сызыгы болгон Месжид-и Аксага жасалган кол салуунун эч качан кабыл алынгыс экенин айтты.

Стамбулдун Бүйүк Чамлыжа мечитинде «Мечит жана дин кызматкерлери жумалыгы» үчүн уюштурулган программага катышкан Нуман Куртулмуш сөзүндө Палестина маселесине токтолду.

Куртулмуш: «Бүгүн тилекке каршы, Месжид-и Аксанын басып алуу жана көп жылдардан бери уланып келе жаткан кол салуулар астында экенин баарыбыз чоң кайгы жана капа болуу менен көрүп турабыз»,-деп айтып, Жакынкы Чыгышта жана Палестина территорияларында кылынган мыкаачылык эң жогорку чегине жеткендигин белгиледи.

Уланышкан чыңалууну тынчсыздануу менен карап жатышкандарын белгилеген Куртулмуш, бул маселени чечүү үчүн эки тарапка тең кандайдыр бир сабырдуулукту жана токтоолукту сактоону кеңеш кылгандарын айтты.

Tүркия Парламентинин төрагасы Куртулмуш Түркиянын бул темадагы позициясынын ачык экенин белгилеп, Месжид-и Аксанын ыйыктыгынын баарынан жогору экенин айтты.

Месжид-и Аксанын жана Кудстун ыйык жана ардактуу жерлер экенин баса белгилеген Куртулмуш : «Бул жерде бардык диндердин өкүлдөрү кылымдар бою бирге жашашты жана мындан ары да жашай берет. Месжид-и Акса мусулмандардын кызыл сызыгы болуп саналат. Ал жерге чабуул эч качан кабыл алынбайт»,-деп өз баасын берди.

Түркиянын башынан бери эки мамлекеттүү чечим мындан чыгуунун жалгыз жолу экенин билдирип келгенин айткан Куртулмуш : «Толук түшүнүк менен айтканда, бардык мекеме жана уюмдары менен толук көз карандысыз Палестина мамлекети болмоюнча Жакынкы Чыгыштагы бул башаламандык бүтпөйт.  Буга эки мамлекеттүү чечимден башка жол жок экени айдан ачык көрүнүп турат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар