Террор менен күрөш уланууда

Ильяс Биро Эли кол салууга даярданган уюмдун мүчөлөрү менен бирге таасирсиз кылынды.

2047405
Террор менен күрөш уланууда

Ирактын Синжар шаарында жүргүзүлгөн операцияда жикчил террордук уюм ПККнын кол салуу бөлүмүнүн башчысы Ильяс Биро Эли жок кылынды.

Улуттук чалгындоо уюму (MİT) коопсуздук күчтөрүнө жана жарандарга каршы кол салууларды уюштурган террорист Ильяс Биро Элинин артынан түштү.

MİTтин агенттери, террорист Ильяс Биро Элинин жаңы кол салуу пландап жатканын аныкташты. Террористтин кол салууну ишке ашыра турган уюмдун мүчөлөрү менен жолукканы аныкталды. Ирактын Синжар шаарында операция жүргүзүлдү.

Ильяс Биро Эли кол салууга даярданган уюмдун мүчөлөрү менен бирге таасирсиз кылынды.

Ал арада Агрынын Догубаязыт районунун Березер аймагында командирлер менен террористтердин ортосунда чыккан куралдуу кагылышууда 2 террорист таасирсиз кылынды.

Бир тараптан Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш, террор менен күрөшүүдө биримдик жана ынтымак болушу керектигин айтты.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун да социалдык медиа эсебинен Түркиянын союздаштарына кайрылуу жасады.

«Стратегиялык себептерден улам бул уюмдарга жардам берүү жана колдоо көрсөтүү чындап эле акмактык»,- деген Алтун: «Террордук уюмдарды колдоо боюнча туура эмес саясатыңарды токтоткула»,- деди.

Президенттин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча башкы кеңешчиси элчи Акиф Чагатай Кылыч да социалдык тармактагы билдирүүсүндө, чек ара аймагында уя салууга аракет кылган террордук уюмдарга эч качан уруксат берилбей тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар