Сирияда ПККга карата операция жүргүзүлдү

Улуттук Чалгындоо Уюмунун Сирияда жүргүзүлгөн операциясында жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга таандык курал-жарак жана ок-дары кампалары менен кол салуу жана саботаж бөлүктөрүн камтыган имараттар атылды.

2047127
Сирияда ПККга карата операция жүргүзүлдү

Улуттук Чалгындоо Уюмунун Сирияда жүргүзүлгөн операциясында жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга таандык курал - жарак жана ок - дары кампалары менен кол салуу жана саботаж бөлүктөрүн камтыган имараттар атылды.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда Улуттук Чалгындоо Уюму ПКК/ЙПГнын жекшемби күнү борбор шаар Анкарада ички иштер министрлигине карата кол салуусунун бул өлкөдө пландалгандыгын жана кол салууга катышкан террористтердин бул аймактан Түркияга өткөндүгү белгиленгенден кийин террордук уюмдардын Сириядагы объектилерине жана башкаруу кызматкерлерине операция жүргүзүлдү.

Аймакта жүргүзүлгөн чалгындоо иштеринин натыйжасында террордук уюм ПКК/ЙПГга таандык курал - жарак жана ок - дары кампалары менен кол салуу жана саботаж бөлүктөрүн камтыган имараттар учкучсуз учуучу аппараттар менен атылды.

Операцияда көптөгөн буталар акылдуу ок-дарылар менен жок кылынды.

Ошол эле учурда Улуттук коргонуу министрлигинен берилген маалыматта ПКК/ЙПГ жана башка террордук элементтер жок кылынып, БУУ келишиминин 51 - беренесиндеги өзүн өзү коргоо мыйзамынын негизинде Сириянын түндүгүндөгү Тель Рыфат, Жизире жана Дерик аймактарындагы террордук буталарга 5 - ээоктябрда Түркия убактысы боюнча саат 23:00дө абадан операция жүргүзүлгөндүгү белгиленди.



Тектеш кабарлар